• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 113.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, „Жарандык абалдын актылары жөнүндө“, „Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам үй-бүлө мыйзамдарын жана жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Аталган максатта кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий