• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын айылдарындагы ар бир төртүнчү үй-бүлө пенсиянын эсебинен гана жашайт

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын айылдарында үй-чарбалардын кирешелеринин деңгээли жашоого зарыл болгон эң минималдуу каражаттан төмөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Ведомствонгун маалыматына ылайык, өзгөчө айыл жергесинде ар бир төртүнчү үй-бүлө үчүн жалгыз киреше булагы болуп пенсия эсептелет. Буга байланыштуу көпчүлүк облустардын үй-чарбаларынын киреше көрсөткүчү Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарын эске албаганда жашоонун наркынан төмөн турат.

“Шаарлардын жашоочулары көбүрөөк социалдык жардам алышат. Ал эми айылдыктар акчалай жардамдан, 13 дары каражаты жана протездерге байланыштуу жардамдан пайдаланышат”, - деп айтылат изилдөөдө.

Андан сырткары изилдөө Кыргызстандын жашоочуларынын дээрлик жарымы (41,3 пайызы) эмгек ишмердүүлүгү менен алектенерин көрсөткөн. Иштеген эркектердин үлүшү 55,2 пайыз, аялдардыкы 30,3 пайыз. Кары адамдардын 11,7 пайызы эч качан иштеген эмес жана өлчөмү аз болгон социалдык жөлөк пул алышат.

Маалымат үчүн: Изилдөөнүн максаттуу тобу үй-чарбаларында жашаган 50дөн жогорку курактагы калк болуп саналат. Изилдөөдө республиканын бардык аймактарында сурамжылоо жүргүзүлгөн. 4 миң адам үлгүлүү топту түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий