• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КРнын АКШ жана Канададагы элчилиги мекендештердин өлкөгө көрсөткөн жардамдары тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги кыргыз диаспора лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн Кыргызстанга берген жардамдары тууралуу маалымат берди.

"Учурдагы татаал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги АКШда жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн аракеттери жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берет", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

"2020-жылдын 10-июлуна карата Нью-Йорк штатында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы, мурдагы Ганси аскер базасындагы реанимация бөлүмүнө, №6 Үй-бүлөлүк медицина борбору үчүн 7-8 миң АКШ доллар өлчөмүндө керектүү дары-дармектерди сатып алууну чечишти.

Филадельфия шаарында жашаган мекендештерибиз Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелерине өткөрүп берүү үчүн 24 кычкылтек концентраторлорун жана керектүү дары-дармектерди сатып алууну пландаштырууда.

Питтсбургда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү райондук ооруканаларга 8 кычкылтек концентраторун сатып алууну чечишти.

Огайо штатында жашаган мекендештерибиздин аракеттери менен 20 кычкылтек концентратору жана дары-дармектер сатылып алынып, алар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча тиешелүү медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилет.

Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана мүчөлөрү “Элим барсыңбы” фондусуна 20дан ашык кычкылтек концентраторун сатып алуу үчүн каражат жиберишет.

Флорида штатында жашаган мекендештерибиз Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын муктаждыктары үчүн жалпы суммасы 9 миң АКШ долларын которушту. Ошондой эле алар Ысык-Көл облусундагы райондук ооруканалардын биринин 5 дарыгеринин маяналарын төлөп берүүнү пландаштырууда.

Хьюстон шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Бишкектеги байкоо борборлорунун бирине 2 кычкылтек концентраторун сатып алышкан.

Калифорния штатында жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү “Аялдар лигасы” уюмуна 10 даанага жакын кычкылтек концентраторлорун сатып алуу үчүн каражат жиберүүнү чечишти.

Кыргызстандын аймактарына жардам көрсөтүү алкагында Балыкчы шаарынын тургундары Балыкчы шаардык ооруканасы үчүн 12 кычкылтек концентраторлорун сатып алышты.

Ошондой эле Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарынын райондоруна жардам көрсөтүү үчүн акча чогултулуп жатат.

Мындан тышкары, кыргыз диаспорасынын бир нече топтору GoFundMe кайрымдуулук интернет-сайты аркылуу каражаттарды чогултушту. 26-мартта Иллинойс жана Калифорния шаарларындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына 13 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүштү. Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу шаймандары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн Элдик штаб уюштурган Кыргыз Республикасынын активисттер тобуна өткөрүлүп берилди. 6-апрелде медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн Кыргызстанга 10 миң долларлык экинчи транш жөнөтүлдү. 5-июлда кычкылтек концентраторлорун сатып алууга 13 365 доллар өлчөмүндө акча бөлүнгөн.

Огайо шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн айтымында, 18-майда Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүү үчүн “Элим барсыңбы” фондуна 3,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам жөнөтүлдү. Мындан тышкары, Огайо штатынын өкүлдөрү Оренбургдагы оор кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарына 1,5 миң доллар которушту.

Жогоруда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелеринен алган соң, диаспоранын өкүлдөрү кошумча маалымат беришет".

Пикир

Оставить комментарий