• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын АКШдагы элчилиги америкалыктар багып алган кыргызстандык балдардын катышуусунда иш-чара уюштурду

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги америкалык үй-бүлөлөр тарабынан багып алынган кыргызстандык балдардын жана элчиликтин кызматкерлеринин балдарынын катышуусунда жаңы жылдык балаты майрамын уюштурду. Бул тууралуу КРнын АКШдагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган майрамга Колумбия округунда, Вирджиния жана Мэриленд штаттарында жашаган бир нече америкалык үй-бүлөлөр катышышты.

Элчиликтин кызматкерлери Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусу менен театрлаштырылган ою-зоок көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар, алардын тарыхый мекени - Кыргызстан менен байланышкан оюндар, табышмактар, англис, орус жана кыргыз тилдеринде ар кандай, ырларды ырдап жана айтып беришти.

Иш-чаранын аягында балдарга таттуу белектер жана кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн жаңы жылдык оюнчуктары тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий