• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын АКШдагы элчилиги кыргызстандык жубайлар кабылган жол кырсыктары боюнча үн катты

Кырсык 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кыргызстандык жубайлар кабылган жол кырсыктары боюнча үн катты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Канзас-Ситиде жол кырсыгынан жабыркаган Алмазбек Муминовдун жарандыгы аныкталып жатат.

“Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат, абал көзөмөлгө алынды. Жабырлануучуга жардам берүү маселеси боюнча кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен такай байланыштабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, АКШда кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, ошол эле күнү анын жубайы да жол кырсыгынан жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий