• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КРнын АКШдагы элчилиги Winternational Embassy Showcase фестивалына катышты

Коом 0

Бишкек, 06.12.19./Кабар/. Күн мурун 5-декабрда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Вашингтон шаарында аккредитациядан өткөн чет өлкөлүк элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурулган Winternational Embassy Showcase эл аралык фестивалына катышты.

КРнын АКШдагы элчилигинен кабарлашкандай, фестивалга Вашингтон шаарында аккредитациядан өткөн 60тан ашык чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын максаты чет өлкөлөрдүн туризм, экономикалык жана маданий-гуманитардык дараметин көрсөтүү болуп саналат.

Жыл сайын өткөрүлө турган фестивалдын уюштуруучулары Роналд Рейган атындагы Дүйнөлүк соода борбору, Вашингтон шаарынын мэриясы жана бир катар коомдук уюмдар.

Фестивалдын ачылышында куттуктоо сөзү менен Роналд Рейган атындагы Дүйнөлүк соода борбору вице-президенти Э.Джелфусо, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын билим берүү жана маданий байланыштар боюнча жардамчысы М.Ройс, Вашингтон шаарынын мэриясынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги фестивалдын катышуучуларына кыргыз элинин маданияты, каада-салттары, туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат таратты, улуттук кол өнөрчүлүк, тамак-аш үлгүлөрүн тартуулады.

Аталган иш-чарага 6000 ашуун адам катышкан.

Пикир

Оставить комментарий