КРнын Алматы шаарындагы башкы консулу “Батыр Шапагаты” төш белгиси менен сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. КРнын Алматы шаарындагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов 2017-жылдын 13-февралында легендарлуу панфиловчу, Советтер Союзунун Баатыры, полковник Бауыржан Момышулынын ысмындагы "Батыр Шапагаты” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматынан билдирди.

Чечим Казакстандын Элдик Баатырынын комиссиясынын төрагасы, генерал-лейтенант, Казакстандын парламентинин депутаты Бахытжан Ертаев тарабынан бекитилген.

Төш белгини КРнын Башкы Консулдугунда “Ардагер” ардагерлердин жана ооган согушунун катышуучуларынын республикалык коомдук биримдигинин төрагасы Серикбай Баймулдинов салтанаттуу түрдө тапшырды.

С.Баймулдинов бул төш белги чет элдик дипломатка алгачкы ирет тапшырылып жатканын белгилеп, эки элдин бир туугандык байланышы мындан ары да бекемделе беришин каалады.

Пикир

Оставить комментарий