• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын Архитекторлор кеңешинин төрагасы Алымбек Абдраимов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Архитекторлор кеңешинин төрагасы (КМШ, Грузия жана Сербия өлкөлөрүнүн Архитекторлор кеңешинин эл аралык ассоциациясынын) АСЭА президенти – Абдраимов Алымбек Мекенович 2020-жылдын 29-октябрында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Алымбек Абдраимов 1964-жылдын 27-январында Чүй облусунун Кемин районунун Совет айылында туулган

Эмгек жолун 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктаган соң “Кыргызгипрострой” долбоорлоо институтунун Генералдык планынын чеберканасында жана андан ары шаар куруунун БИИжДИ филиалынын институтунда баштаган.

Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатында 30-жылдан ашык эмгектенген, генералдык пландардын, долбоордук-сметалык документтердин жана республика боюнча шаарлардын жана айылдардын курулуш долбоорлорунун автору. 2014-жылы архитекторлордун XX съездинде Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы болуп шайланган.

А. Абдраимов 25-жыл аралыкта Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун жана Архитекторлор союзунун эл аралык ассоциациясынын коомдук жашоосунда активдүү катышып келген.

2018-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун кезектеги XXI съездинде экинчи мөөнөткө кайрадан шайланган. 2019-жылы күзүндө А.М.Абдраимов Кыргызстанда өткөн Архитекторлор Союзунун Эл аралык Ассоциациясынын Координациялык Кеңешинде АСЭА президенти болуп шайланган.

2014-жылы – Эл аралык архитектура академиясынын профессору, 2016-жылы – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана архитектура университетин профессору, Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун Коллегиясынын мүчөсү.

Акыркы жылдары А.М.Абдраимов архитектура жана курулуш жаатында ченемдик-укуктук документтерди жана Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүү Стратегиясын иштеп чыгууда, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги архитектуралык-шаар куруу конкурстарына активдүү катышып келген.

Анын эбегейсиз эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү эң жогорку деңгээлде бааланып, өлкөбүздүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө чоң салымын кошкон.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий