• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын Австриядагы ардактуу консулу Кыргызстандын туристтик дараметин илгерилетүүгө ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. 25-майда Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Австриянын Зальцбург федералдык жериндеги Кыргызстандын ардактуу консулу Вольфганг Хеттеггер мырзаны кабыл алды жана аны дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи Жусупов эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыктын бардык приоритеттүү жана өз ара пайдалуу багыттары боюнча тараптар мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди.

Австриянын туризм жаатындагы мурунку тажрыйбасын эске алуу менен, бул багыт ардактуу консулдун ишмердүүлүгүндө Кыргызстан менен байланышты илгерилетүүдө маанилүү багыт менен белгиленет.

Вольфганг Хеттеггер өз кезегинде ардактуу консул катары өз ишин, атап айтканда, Зальцберг шаарында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Кыргызстандын туристтик дараметин илгерилетүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий