• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Австриядагы элчилиги согуштун 74 жылдыгына арналган салтанатка катышты

Саясат 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. 2019-жылдын 9-майында Кыргызстандын Австриядагы элчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын элчиси Бакыт Жусупов жана Австриядагы Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын кызматкерлери борбордук көрүстөнүнө СССР аскерлерге эстелик жана Шварценберг аянтында СССР Солдат-боштондукка эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

"Иш-чарага КМШ мүчө-мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана мүчөлөрү, башка чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери, австриянын коомдук уюмдары, Вена шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана мекендештер катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий