• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын Австриядагы элчиси «Борбордук Азиянын Региондору» бизнес-форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Кечээ, 10-декабрда Австриянын Федералдык экономикалык палатасы (ФЭПА) тарабынан Австриядагы Борбордук Азиянын элчиликтери менен биргеликте уюштурулган «Борбордук Азиянын Региондору» аттуу бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Форумдун ачылышында ФЭПАнын вице-президенти Рихард Шенц куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Вебинардын кыргыз өлкөсүнүн бөлүгүн Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов ачты. Өз сөзүндө элчи вебинарды уюштургандыгы үчүн австриялык кесиптештерге ыраазычылыгын билдирип, жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы экономика чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу маалымат берди. Австриялык кызматташтык чөйрөдөгү ишкерлер үчүн приоритеттүү жана потенциалдуу кызыкдар катары, ушул сфералардагы австриянын тажрыйбасын эске алуу менен, гидроэнергетика, туризм, айылчарба продукциясын кайра иштетүү, санариптештирүү тармактарын атады.

Ошондой эле элчи Бакыт Жусупов австриялык катышуучулардын суроолоруна жооп берип, эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык чойрөдөгү укуктук келишимдер жөнүндө, ошондой эле австриялык «Контроллбанктын» австриялык жана кыргыз ишкерлерине Кыргызстанда биргелешкен Долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «жеңилдетилген насыяларды» берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Вебинарга 100дөн ашуун австриялык компаниялар катышты.

Пикир

Оставить комментарий