• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Венада КР элчиси Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Ушул жылдын 18-августунда Венада Кыргызстандын Австриядагы элчиси Толенды Макеев Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Мариано Гроссиге (Rafael Mariano Grossi) өзүнүн Кыргызстандын МАГАТЭдеги туруктуу өкүлү катары дайындалышы тууралуу ишеним грамотасын (аккредиттөө нотасын) тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын туруктуу өкүлү КРдагы уран калдыктарын (Миң-Куш, Майлуу-Суу, Шекафтар) реабилитациялоо боюнча Стратегиялык мастер-планды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, МАГАТЭнин линиясы боюнча окутуучу семинарларга, эл аралык конференцияларга катышып жаткан КРдин мамлекеттик эксперттеринин дараметин бекемдөөдө Агенттик тарабынан көрсөтүлүп жаткан жигердүү колдоо үчүн башкы директорго ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Р. Гросси КРнын МАГАТЭ үчүн маанилүү өнөктөш экендигин белгиледи. Уран калдыктарына байланышкан маселенин олуттуулугуна көңүл буруп, бул багытта Агенттик практикалык жардамды мындан ары дагы улантарын баса белгиледи.

Туруктуу өкүл Т. Макеев КР менен МАГАТЭнин ортосундагы жемиштүү кызматташтык үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жеке салымын кошууга даярдыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Өзөктүк энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) 1957-жылы түзүлгөн. Агенттик өзөктүк чөйрөдөгү илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык алдыңкы дүйнөлүк уюм болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү өзөктүк илим менен технологияларды тынчтык максаттарда коопсуз пайдаланууга багытталган жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукту сактоого жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө салым кошот.

МАГАТЭнин Башкы конференциясынын 47-сессиясында Кыргызстан Уюмдун 137-мүчөсү болуп калган.

Пикир

Оставить комментарий