• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КРнын Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу кеңешинин жаңы курамы түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу кеңешинин жаңы курамы түзүлдү. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим жарандарды азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кабыл алынды. Мындан сырткары, калктын туура тамактануусу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу, ооруларды алдын алуу эске алынат.

Атадан кеңештин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев бекитилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кеңештин жаңы курамдагы жыйыны жакын арада өткөрүлүп, анын чечими сунуштама мүнөздө эмес, азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү тапшырма болууга тийиш экенин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө 25 маселе каралып, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу бир катар ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам алдындагы актыларды тартипке келтирүү, ошондой эле КР президентинин жарлыктарын ишке ашыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Мындан тышкары, күрөөканалардын ишмердүүлүгүнүн финансылык туруктуулук деңгээлин көтөрүү максатында алардын баштапкы капиталынын минималдык көлөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий