• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын Беларустагы элчилигинде кыргызстандык балдар арасында сүрөт конкурсу уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын Белорустагы элчилигинде кыргызстандык балдар арасында «Менин мекеним –Кыргызстан» аттуу сүрөт конкурсу уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конкурстун максаты – балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү жана аны жайылтуу, ошондой эле балдардын мекенине болгон сүйүүсүн жана сезимин ойготуу болуп саналат. Конкурска катышкан балдардын эӊ кенжеси – 4 жашта, улуусу 12 жашта болду.

Конкурска катышкан балдарга өз мекенинин кооздугун сүрөт аркылуу чагылдыруу сунушталган. Бул акция сүрөт тартууда өздөрүнүн талант жана фантазиясын көрсөткөн балдардын шыктануусун арттырды.

Сынактын жыйынтыгында элчи Э. Ибраимов элчиликтин иш-чарасына активдүү катышкандары үчүн балдарга ыраазычылык билдирип, окууларына ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий