• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри жана Дубайдын башчысы Улуу Даражалуу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумга ишеним грамоталарын расмий тапшыруу аземине катышты.

Тапшыруу аземи 2020-жылдын 13-февралында өтүп, ага бир катар чет мамлекеттердин Бириккен Араб Эмираттарына дайындалган элчилери катышкан.

Элчи А.Жумабаев КР президенти С.Жээнбековдун атынан салам сөздөрүн жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерин мындан ары өнүгүүсү тууралуу жылуу каалоолорун айтты.

Өзүнүн сөзүндө шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум бардык элчилерди расмий дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий