• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын БУУдагы өкүлү качкындар иштери боюнча Жогорку комиссары Гранди менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссары Ф. Гранди менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Бейшеналиев Кыргызстан менен БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссариатынын (КЖБК) ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилеп, ошондой эле Ф. Грандиге COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн тийиштүү жардамы үчүн ыраазычылыкты билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен БУУ КЖБКнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, өлкөдөгү долбоордук иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле качкындардын, башкалка сурагандардын укуктарын коргоо жана жарандыгы жоктукту андан ары алдын алуу жаатындагы кызматташуусунун өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ушул жагдайда туруктуу өкүл А. Бейшеналиев БУУнун качкындар иштери боюнча комиссариаты аркылуу өлкөнүн компетенттүү органдары менен биргеликте, жабдууларды жана мүлктөрдү эксплуатациялык запастын жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар, качкындар жана жер которгон адамдар үчүн лагерлерди жана талаа ооруканаларын жайгаштыруу базасын түзүү жана жабдуу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.

Өз кезегинде Гранди БУУ КЖБК менен Кыргызстандын ортусундагы кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, уюм өз ишинин алкагында Кыргызстанга ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп кетип, ошону менен Бейшеналиев белгилеп кеткен эки тараптык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча конкреттүү сунуштарды кылдаттык менен карап чыгууга ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий