• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын президенти менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстандын Бириккен Улуттук Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын президенти Волкан Бозкыр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Молдоисаева президент В. Бозкырга Кыргызстандын артыкчылыктары жана демилгелери жөнүндө, атап айтканда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Кыргыз Республикасынын демилгеси менен кабыл алынган “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" резолюциясы, Кыргызстандын демилгеси менен түзүлгөн Тоолуу Өлкөлөрдүн Достору тобунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жана башка актуалдуу маселелер боюнча маалымат берди.

Туруктуу өкүл ошондой эле БУУнун Азия-Тынч океан регионалдык тобуна Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. БУУнун Башкы Ассамблеясы менен Азия-Тынч океан регионалдык тобунун өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Волкан Бозкыр БУУнун аянтчасында маанилүү демилгелерди илгерилетүүдө Кыргыз Республикасынын жетекчилигин куттуктап, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Кыргызстан менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Өз кезегинде туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева COVID-19га байланыштуу кырдаалга карабастан президент Волкан Бозкырдын төрагалыгы астында БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлде жумуш алып барып жаткандыгын белгилеп, ал ар дайым кыргыз тараптын колдоосуна ишене алышын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий