• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КРнын БУУдагы туруктуу өкүлү БУУнун Климат боюнча аракеттер тобунун жардамчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы катчысынын Климаттын өзгөрүүсү боюнча атайын кеңешчиси, Климат боюнча аракеттер тобунун жардамчысы Селвин Харт менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу өкүл Аида Касымалиева Кыргызстандын тоо күн тартиби боюнча демилгелери тууралуу маалымат берди.

Тактап айтканда, ал 2019-жылы тоолуу өлкөлөргө жардам көрсөтүү боюнча диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобу, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган резолюцияларды белгиледи. Буга байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө мындан ары буруу жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында кыргыз тараптын мындан аркы аракеттери жана пландары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Селвин Харт климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу өлкөлөрдүн өзгөчө алсыздыгын белгилеп, тоо күн тартибин алдыга жылдыруудагы Кыргызстандын ролун белгиледи, ошондой эле бул багытта Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий