• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын үч окуу жайынын базасында ири технопарктар ачылат

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын үч жогорку окуу жайынын базасында ири технопарктар ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы Динара Молдошева билдирди.

Анын айтымында, технопарктар ведомство менен билим берүү мекемелери ортосундагы кызматташуунун негизинде ачылууда. Башкы максаты – инновациялык технологияны өнүктүрүү. Окуу жайлардын катарында Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университети (КМКТАУ), И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети жана М.Адышев атындагы Ош техникалык университети бар.

“Биз бул үч окуу жайды сынактын негизинде тандап алдык. Технопарктын ишинин негизги максаты – техникалык билимди илгерилетүү. Негизинен бул иш менен окумуштуу-мугалимдер алектенишет, бирок акча каражатынын жоктугуна байланыштуу алардын ой-пикирлери кагаз бетинде гана калат. Технопарктын иши алардын ойлогондорун иш жүзүнө ашыруу болуп саналат”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий