• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын чек ара кызматында интернационалчы-аскерлерге сый көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Чек ара ведомствосунда Ооганстандан Советтик аскерлердин чектелүү континентинин чыгарылышынын 28 жылдыгына арналган иш-чара болду. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдирди.

Иш-чарада КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкулов интернационалчы-аскерлердин эрдигин белгиледи.

“Ооганстан ал жерде согушкандардын эсинде өмүр боюу калды. Интернационалдык милдеттерин аткаргандардын арасында болгон биздин кесиптештерибиз да эрдикти, баатырдыкты көрсөтүштү. Учурда да жаш муундарга татыктуу тарбия берүүдө чарчабастан эмгектенип жатасыздыр, сиздерге зор ыраазычылык билдирем”,-деди чек ара ведомствосунун башчысы, полковник М. Касымкулов.

Кыргызстандык чек арачылардын арасында да мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болгондор аз эмес. Алардын арасында чек арачы Василий Имангазиев эрдиги үчүн Күжүрмөн Кызыл Туу жана Кызыл Жылдыз ордендери, Сталбек Асакеев менен Александр Никитин Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланышкан.

Майрам урматына чек ара ведомствосунун жетекчилиги интернационалчы-аскерлерге акчалай сыйлык тапшырды. Мындай иш чаралар КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын бардык бөлүктөрүндө болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий