• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын чет өлкөдөгү жарандары социалдык-укуктук мүнөздөгү маалымкатты оңой жана тез ала алышат

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. КРнын чет өлкөдөгү жарандары эми социалдык-укуктук мүнөздөгү маалымкатты оңой жана тез ала алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынын КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыков билдирди.

Ал 2021-жылдын майынан тартып КРна кайтууга күбөлүктү (МКК) электрондук форматта тариздештирүүгө документтер кабыл алына баштаганын белгиледи.

“Мында МКК жаранды кабыл алуу учурунда таризделет жана берилет. Мурда бул процесс 3 жана андан да көп күнгө созулчу. Ушул жылдын 9 айында КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан 13 миң МКК таризделди”, - деди ал.

Мындан тышкары, КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде «Талап кылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана орнотуу аяктады.

“Анын натыйжасында 2021-жылдын апрелинен тартып чет өлкөдө жүргөн жаран никелешүү укук жөндөмдүүлүгү жөнүндө, соттолбогону тууралуу, салык карыздары, айдоочулук күбөлүктөрдүн жана жогорку билими жөнүндө дипломдордун түп нускасын тастыктоо тууралуу, чыгуу баракчасы (КРде жашаган жеринен каттоо эсебинен чыккандыгы жөнүндө маалымкат) жана башка ушу сыяктуу социалдык-укуктук мүнөздөгү маалымкаттарды КР мамлекеттик органдарынан алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду”, - деди Артыкбаев.

Ал белгилегендей, мында бул маалымкаттар жаранды кабыл алуу учурунда токтоосуз акысыз негизде берилет, мурда алуу мөөнөтү бир айдан бир нече айга чейин созулчу.

Ошентип, КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде «Талап кылуу» АМС пайдаланып баштаган учурдан бери жалпы 2148 маалымкат иштелип чыкты жана берилди.

“КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде таризделе турган документтердин тизмесин кеңейтүү иштелип чыкты. 2021-жылдын мартынан тартып ID-картаны тариздөөгө документтерди кабыл алуу башталды жана азыркыга чейин 1045 ID-карта берилди, ал эми 2021- жылдын 2-июнунан тартып – жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортту тариздөөгө документтер кабыл алына баштады жана азыркы учурда 2484 паспорт берилди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий