• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРнын делегациясы Ташкентте Борбордук Азиянын транспорттук коридору боюнча эл аралык конференцияга катышууда

Коом 0

Ташкент, 20.09.18. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун башчылыгы астындагы Кыргызстандын делегациясы Ташкентте өтүп жаткан “Борбордук Азия эл аралык транспорттук коридорлордун системасында: стратегиялык перспективалар жана ишке ашпаган мүмкүнчүлүктөр” эл аралык конференциясына катышууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын максаты – эл аралык каржы институттарынын, транспорттук ассоциациялардын, транспорттук-логистикалык компаниялардын өкүлдөрү менен болгон диалогду ар тараптуу өнүктүрүү.

Эл аралык конференциянын секциялык отурумдарында Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн транспорттук жана транзиттик потенциалынын мүмкүнчүлүктөрү, аймактагы жаңы коридорлор, бажы кампаларынын түйүнүн түзүү, тармак үчүн адистерди даярдоо, заманбап шарттарды түзүү жана эл аралык жүк ташуулар үчүн бажы-чек аралык процедураларды иштеп чыгуу, тармакка маалыматтык технологияларды, маркетингдик жана санариптик транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү, темир жол тарифтерин тартипке келтирүү сыяктуу маселелер талкууланат.

Конференциянын аягында меморандумга жана башка документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Учурда конференцияга 50дөн ашык өлкөдөн 340 чет элдик конок катышууда.

Пикир

Оставить комментарий