• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын дзюдо боюнча Улуттук курамасы Будапешттеги мелдеште катышууда

Спорт 0

Бишкек, 28.08.17 /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча Улуттук курамасы 28-августта Будапештте (Венгрия) өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнөлүк мелдеште катышууда.
Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР дзюдо боюнча улуттук федерациясынын вице-президенти Абай Молдокан билдирди.
Дүйнөлүк чемпионат 28-августтан 3-сентябрга чейин уланат. Анда 130 өлкөдөн 800 спортчу катышууда.
Бүгүн, 28-августта килемге салмагы жеңилдер чыкмакчы. 48 кг – кыздар, 60 кг – эркектер.
Курам:
Эркектер:
60 кг чейин – Отар Бестаев;
60 кг чейин – Баяман Сагынбай уулу;
66 кг чейин – Алмаз Алтынбек уулу;
66 кг чейин – Артур Тё;
73 кг чейин – Бектур Рысмамбетов;
81 кг чейин – Владимир Золоев;
90 кг чейин – Азамат Бектурсунов;
90 кг чейин – Фарух Булекулов;
100 кг жогору – Юрий Краковецкий.
Аялдар:
57 кг чейин – Ксения Белдягина;
63 кг чейин – Мээрим Момунова.

Пикир

Оставить комментарий