• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын Эфиопия менен соода-экономикалык кызматташтыгы өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөргө ээ – ЭМ

Экономика 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. КРнын Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Эфиопия Федералдык Демократиялык Републикасынын КРдагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аялеу Гобезие Воркенех менен жолукту.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2016-жылы Кыргызстандын Эфиопия менен тышкы соода жүгүртүүсү 2,8 миң АКШ долларын түзгөн, ал негизинен гүл импорттоо болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгилешти.

Аялеу Гозезие Воркенехтин маалыматы боюнча, Эфиопия өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына ылайык, туруктуу өнүктүрүү саясатын жүргүзүп, инфраструктура түзүү, ГЭС куруу боюнча долбоорлорду иш жүзүнө ашырып, билим жана илим, айдан тышкары айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө.

Тараптар белгиленген чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий