• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Түркияда сүрөт көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-июнунда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын имаратында Анкарадагы Кыргызстандын элчилиги Түркиянын парламенти менен биргеликте өлкөнү, анын тарыхый жана маданий баалуулуктарын, ошондой эле туризмин таанытуу максатында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун чагылдырган тарыхый кооз жерлерди, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган 61 сүрөт коюлду.

Иш-чарага Түркия парламентинин вице-спикери Сурейя Сади Билгич, Түркия парламентинин мүчөлөрү, анын ичинде Кыргызстан-Түркия парламенттик достук тобунун мүчөлөрү, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин, коомдук уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн, ошондой эле маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев 1991-жылы кыргыз элинин кылымдык тарыхында жаңы барак ачылганын жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы суверендүү мамлекет үчүн тарыхый кыска мезгил экендигин белгилөө менен кыргыз элинин жана өлкөнүн 2300 жылдык тарыхы бар экендигине көңүл бурду. Мындан тышкары, учурда кыргыз-түрк мамилелери стратегиялык статуска ээ экендигин кошумчалады.

Ошондой эле бул сүрөт көргөзмөсү буга чейин Түркия Республикасынын президенттик Сарайында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусу менен КР президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын июнь айында Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында ачылгандыгын маалымдады.

Өз сөзүндө Түркия парламентинин аице-спикери Сурейя Сади Билгич боордош кыргыз эли түрк элинин жүрөгүндө өзгөчө орун ээлегенин баса белгиледи. Ал ошондой эле 30 жыл ичиндеги дипломатиялык мамилелердин алкагында Кыргызстан менен Түркия экономика, соода, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, маданият, жаштар жана спорт жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшкөнүн белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө көргөзмө залында Кыргызстандын элчилиги тарабынан даярдалган түрк тилиндеги Кыргызстан жөнүндө видео жана комуздун коштоосунда көргөзмөнүн фото-сүрөттөрүнүн слайдшоусу көрсөтүлдү.

Сүрөт көргөзмөcү 2021-жылдын 30-июнуна чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий