• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын Екатеринбургдагы башкы консулдугу жарандарды тейлөө шартын жакшыртууда

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу жарандарды тейлөө шартын жакшыртууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, башкы консулдук тарабынан Кыргызстандын жарандарына консулдук тейлөө кызмат көрсөтүү шартын жакшыртуу максатында жарандарды кабыл алуу боюнча бөлмөнү кайра жабдуу жүргүзүлдү. Айнек тосмолору менен бөлүнгөн, кошумча терезе ачылып, жаңы, көп функционалдуу, авто жооп бергичи менен телефон номеринен маалыматтарды эки тилде – мамлекеттик жана расмий тилде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ошондой эле, жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө жарандардын ыңгайы үчүн консулдук тейлөөгө жеринен төлөө үчүн терминал орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий