• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Тюмендеги мекендештерди кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери 12-13-декабрь күндөрү Тюмень шаарына барып, жарандарды жеринен кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапар учурунда консулдук кызматкерлер кыргыз жарандарынын жалпы жарандык паспортторун алмаштыруу үчүн документтерди, биометрикалык жана консулдук каттоо, жеке идентификациялык номерлерди берүү, ошондой эле башка консулдук кызматтарга документтерди кабыл алууну жүргүзүштү.

Мекендештер менен болгон жалпы жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консулдуктун консулу Н.Алымбеков Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган иштердин жүрүшү, консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды пайдалануу жөнүндө маалымат берип, мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Шайлоодо добуш берүү укугунан пайдалануу максатында жарандарды консулдук каттоого турууга, өзүн Башкы консулдукта же www.tizme.gov.kg порталына жайгаштырылган шайлоочулардын тизмесинен тактоого үндөдү.

Бул сапар жана жарандар менен жолугушуу Тюмень облустук коомдук уюму "Биримдик" кыргыз диаспорасынын төрайымы К.Сманова жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Ж.Турдумаматов менен биргеликте уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий