• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын Екатеринбургдагы Башкы консулу Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган күнгө арналган аземге катышты

Коом 0

Бишкек, 05.09.20 /Кабар/. 2020-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган күнгө арналган жана Урал борбор шаарынын Широкореченск аскер-мемориалдык комплексиндеги Түбөлүк отко гүл коюу салтанаттуу-аза күтүү аземине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Свердлов облусунун, Екатеринбург шаарынын жана Борбордук аскер округунун жетекчилигинин, диний жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, региондун борборунда жайгашкан чет өлкөлүк консулдук мекемелердин башчыларынын катышуусунда өттү.

Аземдин катышуучулары Экинчи дүйнөлүк согушта фронтто каза тапкандардын жана Свердлов облусунун аскер ооруканаларында жараатынан улам көз жумгандардын жаркын элесин бир мүнөттүк унчукпоо менен эскерип, Түбөлүк отко гүл коюшту.

Ушул эле күнү Екатеринбург шаарындагы чет өлкөлүк консулдук мекемелердин өкүлдөрү облустун жетекчилиги, дин өкүлдөрү жана ардагерлер коомчулугу менен биргеликте Екатеринбург шаарындагы “Черный тюльпан” (“Кара жоогазын”) мемориалына гүл коюп, Террорчулукка каршы күрөшүүнүн тилектештик күнүнө арналган мемориалдык акцияга катышты.

Пикир

Оставить комментарий