• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Жусупов ЕККУнун жаңы дайындалган Башкы катчысы Хельга Шмид менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек 28.01.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 27-январында, Венада Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Жусупов ЕККУнун жаңы дайындалган Башкы катчысы Хельга Шмид менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын ЕККУ менен өз ара аракеттенүүсүнүн кенен чөйрөдөгү маселелери, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Элчи Жусупов мамлекеттер аралык тең диалог үчүн консенсус принцибине негизделген инклюзивдүү аянтча катары ЕККУнун уникалдуу мүнөзүн сактоону кыргыз тарабы жактай тургандыгын ырастады.

Кыргызстандын жарандык коомунун жана мамлекеттик органдарынын ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси менен позитивдүү кызматташтыгы тууралуу маалымдады жана ЕККУнун Кыргызстандагы талаа миссиясынын жогорку потенциалын баса белгиледи. Туруктуу өкүл ошондой эле КРда болуп өткөн шайлоолор жана референдум, алдыда боло турган ички саясий иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Башкы катчы Кыргызстанды президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алуусу менен куттуктады.

ЕККУнун Программалык офисинин, ошондой эле уникалдуу долбоор катары ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын иштерин колдой тургандыгын жана тыгыз кызматташууга, Кыргызстанга мындан ары дагы колдоо көрсөтө берүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий