• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"КРнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 11.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишмердигинин укуктук негиздерин, максаттарын жана милдеттерин аныктоо, анын кызматкерлеринин эмгек укуктарын, укуктук жана социалдык коргоо чараларын камсыз кылуу болуп саналат.

Буга чейин бул маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актылары менен жөнгө салынып келген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий