• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын экономикасына 2017-жылы 145 млрд сом инвестиция салынган. Улуттук статком алар кайда жумшалганын айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 12.01.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. 2017-жылдын 11 айында Кыргызстандын негизги капиталына салынган инвестициялардын көлөмү 145 млрд сомду түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине караганда 6,2%га өскөн. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйындын алкагында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, ошону менен бирге эле ички каржылоо булактарынан капиталдык салымдардын суммасы өскөнү белгиленген.

“Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү ички булактарын эсебинен 10%га (6,2%), тышкылардан 1,5%га өскөн. Негизги көлөм – 72%га жакыны пайдалуу кендерди казуу, электр энегриясы, газ, буу жана конденцацияланган аба менен камсыздоо жана жабдуу объекттеринин курулушуна, транспорт жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган“, - деп түшүндүрдү Султанов.

Ал өткөн жылы кайра иштетүү жана энергия өндүрүү өнөр жайында, дүң жана чекене соода, тейлөө кызматтары, саламаттык сактоо жана башка тейлөө ишмердиги тармактарында инвестициялардын өсүшү байкалган.

Ушуну менен бирге айыл чарба объекттеринин курулушуна жана балык чарбасына, суу менен камсыздоо, калдыктарды кайра иштетүү, каржылык ортомчулук жана билим берүү тармактарына инвестиция агымы азайган.

Пикир

Оставить комментарий