• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү МАГАТЭнин башкы директору менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. 4-июнда Кыргызстандын Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Мариано Гросси менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, туруктуу өкүл Жусупов агенттикке COVID-19га каршы күрөшүүдө үч ОТ-ПЦР диагностикалык жабдууну өткөрүп берүү менен өз убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. ЗОДИАК программасын түзүү боюнча башкы директор Гроссинин демилгесин кубаттады. Тийиштүү тематикалык чөйрөдөгү кеңири билими жана тажрыйбасы менен улуттук администраторлор ишти координациялоодо маанилүү ролду ойнойт деген үмүттү билдирди.

Ошондой эле окуу семинарлары, МАГАТЭнин эл аралык конференциялары процессине катышкан мамлекеттик эксперттердин потенциалын чыңдоого байланыштуу Агенттиктин туруктуу колдоосу белгиленди. Локдаунга карабастан, Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү виртуалдык форматта активдүү катышат.

Туруктуу өкүл Жусупов Кыргыз Республикасында уран калдыктарын сактоочу жайларды калыбына келтирүү боюнча Стратегиялык мастер пландын ийгиликтүү ишке ашырылышына ишеним билдирди.

Башкы директор Гросси өз кезегинде ЗОДИАК программасына катышуу үчүн улуттук администраторлорду көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. ЗОДИАК демилгеси зооноздук оорулар менен күрөшүү боюнча ар тараптуу иш-чараларды жайылтуу максатында иштелип чыккандыгын маалымдады.

Агенттиктин Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын дараметин мындан ары чыңдоо, ошондой эле техникалык долбоорлордун ишмердүүлүгүн иштеп чыгуу жана кеңейтүү боюнча милдеттенмесин тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий