• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын эл артисти, театр корифейи, залкар актёр Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр корифейи, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алышпаев Марат Усенович 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган.

1972-жылы А.В. Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктаган.

Марат Алышпаев түрдүү жанрдагы ролдорду мыкты аткарган, чыгармачылыгын коомдук иштер менен айкалыштыра билген актёр болгону менен белгилүү.

Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 4-апрелде, саат 13:00дө Т. Абдумомунов атындыгы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылына жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий