• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРнын эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдыгына карата “Биротоло келдим сага бүгүн мен” атуу лирикалык чыгармалардан турган чоң программадагы театралдашкан концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара президенттин, өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, коомдук маданий-ишмерлер жана жалпы коомчулуктун катышуусунда ачылды.

Салтанатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, Нурканбек Турсунбаевдин чыгармачылык жолуна токтолуп, анын бүгүнкү күндөгү маданияттагы орду жана жыл ичинде 80 жылдыкка карата өтө турчу иш-чаралар тууралуу айтып, куттуктоо жолдоду.

Лирикалык чыгармалардан турган чоң программадагы концертке А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын, А. Өмөралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын жана “Учур” театрынын жана Т. Абдымомунов атындагы КУДТ алдындагы театралдык окуу жайынын чыгармачылык топтору, солисттери жана актёрлору катышты.

Пикир

Оставить комментарий