• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын эмгек сиңирген артисти Жыргал Көбөгөнова дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек. 13.07.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2020-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгаан актрисасы Көбөгөнова Жыргал Абдыашымовна 72 жаш курагында катуу оорудан дүйнөдөн кайтты.

Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында кыргыз театр искусствосунун залкар таланттары, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Абдыашым Көбөгөновдун жана Сайрагүл Балкыбекованын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Чыгаан актрисанын таланты мектеп жашынан эле байкалып, Фрунзе (Бишкек) шаарынын №2 орто мектебинде 4-класста окуп жүргөндө, Пионерлер сарайында бий кружогуна катышып жүрүп, 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун 2-декадасында, Сапарбек Кабеков менен Нурдин Тугеловдордун жетекчилиги астында «Пахта бийин» бийлеген. 8-класстан баштап, башкача айтканда 1963-жылы Бүткүл Союздук мамлекеттик цирктин Фрунзедеги Цирк өнөрү студиясында тарбияланган. 1964-жылы Кыргыз мамлекетик цирки ачылганда алгачкы карлыгачтардын бири болуп, цирктин чыгаан гимнаст-артисти катары эмгек жолун баштаган. Ал бийчи катары да 1971-жылы Кыргыз Эл артисти Нурдин Тугелов уюшулган Мамлекеттик бий ансамблинде бийчи жана алып баруучу катары чыгармачылык жолун улантып, бир нече чет мамлекеттерге барып, Кыргызстандын искусствосун таанытуучулардан болгон.

Жыргал Көбөгөнова ата-энесинин жолун улап актерлук кесипти да аркалап, 1972-жылдан баштап Ош областтык кыргыз драма театрына актер болуп кабыл алынат. Театр сахнасында К.Жантөшевдин «Курманбегинде» Гүлгаакы, А.Дыйканбаевдин «Мүрөктүн суусунда» Жуман, Б.Өмүралиевдин «Жүз катын» спектаклинде Тоголок келин жана башка эсте калаарлык образдарды жараткан.

Чыгаан актриса жараткан К.Маликовдун «Осмонкул» Мария, А.Осмонов «Махабат» Тентек кыз, Ш.Садыбакасов «Ак боз ат» Лайлун, С.Ахмад «Келиндер козголоңу» Нигора, Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» Кишимжан, Бакдөөлөт, А.Цагарели «Ханума» Кабато, Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» Алтынай, С.Ахмад «Күйөө бала» Аназират, К.Иманалиев “Керээз” Данакан сындуу образдары көрүүчүлөрдүн көз алдынан кеткис болуп калды.

Жыргал Көбөгөнова өмүрлүк жары Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күнболот Досумбаев менен бирге бүткүл өмүрүн кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө арнашкан. Мамлекет алдында сиңирген эмгеги бааланып 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген жогорку наамга татыган.

Кыргыз сахнасынын жылдызы Көбөгөнова Жыргал Абдыашым кызынын жаркын элеси эс убакта унутулбайт. Маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.Ж.Исмаилова, А.К.Жаманкулов, К.О.Иманалиев, А.Ш.Осмоналиев, Б.Жакиев, М.Т.Байжиев, С.А.Раев, Ж.Сейдакматова, М.Ө.Далбаева, А.Осмонов, М.С.Шаршенбаев, М.Ү.Алышпаев, Г.А.Ажибекова, Г.К.Каниметова, Н.И.Мамбетова А.А.Абдыкалыков, З.М.Сооронбаев, Э.Бекболиев, Т.Б.Бообекова, Т.А.Абдразаева, К.О.Сейдалиева, К.М.Абылов, Т.Актанов, Ч.О.Думанаев, К.А.Осмонов, Ж.Жумалиева, Д.Б.Иманалиев, Ж.О.Кулманбетов, А.А.Өзүбеков, Н.К.Мендебаиров, Ш.Бекташев, Ф.Ш.Бекманбетов ж.б.

--

Пикир

Оставить комментарий