• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын эмгек сиңирген дарыгери, офтальмолог Михаил Медведев каза болду. Ага коронавирус жуккан

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. 5-апрелде 63 жаш курагында профессор, КРнын эмгек сиңирген дарыгери Михаил Медведев каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиргендей, ал Кыргыз-Орус Славян университетинин офтальмология кафедрасынын башчысы, И.К.Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктын лауреаты, “Даңк” орденинин ээси, КРнын офтальмологдор илимий-практикалык коомунун төрагасы болуп эсептелген.

Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин билдирүүсү боюнча, Медведев коронавирустан дарыланып жаткан.

Медведев Михаил Анатольевич мыкты дарыгер, акылдуу насаатчы, жакшы дос болгон.

Бул оор жоготуу. Биз бир туугандарына жана жакындарына, окуучуларына, досторуна, бейтаптарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

КРнын биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков, КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С.Бейшеналиев, статс-катчы К.Т.Шадыханов, министрдин биринчи орун басары А.К.Солтонбекова, министрдин орун басары Ж.М.Рахматуллаев, министрдин орун басары У.Б.Бектурганов, министрдин орун басары Б.И.Жангазиев.

Пикир

Оставить комментарий