• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын футбол боюнча курама командасы Японияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 25.09.18 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Японияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюн Азия кубогу-2019дун финалдык баскычына даярдыктын алкагында өтөт.

Оюн 20-ноябрда Тойота шаарында Toyota Stadium стадионунда болот. Анын так убактысы Япон футбол ассоциациясы тарабынан жакында кошумча тастыкталат.

Эске салсак, Азия кубогу 2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмираттарында болот. Азия чемпионатына даярдык көрүүнүн алкагында Кыргызстандын курама командасы эки жолдоштук беттеш өткөрдү. 6-сентябрда Палестина менен 1:1 эсебинде ойноп тең чыккан. 10-сентябрда сириялыктарды 2:1 эсебинде уткан.

Ошондой эле КРнын курама командасы ФИФАнын жаңыртылган рейтингинде 91-орунда, Япония 54-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий