• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын футбол боюнча курама командасы Малайзиянын командасын жеңди

Спорт 0


Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Малайзиянын командасы менен жолдоштук беттеште жеңишке жетти.

Беттеш кечээ Малакка шаарында өткөн. Кыргызстандын командасынан Бекжан Сагынбаев каршылаштарынын дарбазасына 1 гол киргизип, 68-мүнөттө жеңишти камсыздаган.

КРнын курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин КРнын Футбол федерациясына берген маегинде алдыда боло турган Азия кубогу-2019 тууралуу айткан. Анда кыргызстандык футболчулар түрдүү командалар менен оюн талаасына чыгат.

“Мындай жолдоштук беттештер биздин курама команданы бул турнирге даярдоодо чоң роль ойнойт. Малайзиянын командасы анын акыркы жеңиштерин эсепке алганда, жөнөкөй команда эмес. Биринчи таймда атаандаш жакшы ойноп жаткан. Абалды анализдейбиз. Бүгүнкү курам күчтүү, балдар азаматтар”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий