• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы CAFA Women’s Championship турнирине катышат

Спорт 0

Бишкек, 10.11.18/ /Кабар/. Ташкентте 23-ноябрдан 1-декабрга чейин кыз-келиндердин улуттук командаларынын ортосунда "CAFA Women’s Championship 2018 Uzbekistan" турнири өтөт. Ага Кыргызстандын, Тажикстандын, Афганистандын, Өзбекстандын жана Ирандын командалары катышып, турнирдин бардык оюндары "Миллий" стадионунда өтөт.

Регламентке ылайык, Ташкенттеги "CAFA Women’s Championship 2018" чемпионаты айланма система боюнча бир айлампада өтөт. Жеңүүчү алынган упайларга карата тандалат.

Буга чейин быйыл Ташкентте 15, 16 жашка чейинкилердин курама командалары арасында Борбордук азиялык футбол ассоциациясынын чемпионаттары өткөн. Анда Иран жана Өзбекстандын командалары жеңишке жеткен.

Пикир

Оставить комментарий