• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Футбол: Кыргызстан (U-23) Азия чемпионатынын тандоо туруна катышат

Спорт 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын (U-23) футбол боюнча жаштар курамасы 2020-жылы өтчү Азия биринчилигинин тандоо туруна катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Мелдеш Кувейтте 2019-жылдын 22-26-март күндөрү болуп өтөт. Кыргызстандын жаштар курамасы "E" тайпасында жайгашып, ага Кувейт, Сирия жана Иордания атаандаш болот.

Тандоо турунун жыйынтыгы менен 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алып, эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 4 команда Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыга алышат.

Ал 2020-жылы Таиландда 8-26-январь күндөрү өтөт.

Ошондой эле, ал Азия биринчилигинин үч мыкты командасы 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.

Оюндардын өтүшү:

22-март: Сирия - Кыргызстан;

24-март: Кыргызстан - Иордания;

26-март: Кыргызстан - Кувейт.

Пикир

Оставить комментарий