• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын футбол курамасы күчтүү чыкты - Филиппин командасынын машыктыруучусу

Спорт 0


Бишкек, 17.01.19./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы күчтүү чыкты. Мындай билдирүүнү Филиппин курамасынын машыктыруучусу Свен Йоран Эрикссон кечээ эки команданын Азия Кубогунун алкагында өткөргөн оюнунан кийин жасады.

Ак шумкарлардын күчтүү болгону айткан Эрикссон, машыктыруучу Александр Крестининдин жакшы иштегенин белгилеген.

"Кыргызстандын курамасы физикалык жактан күчтүү чыкты. Команда физикалык жактан алсыз болсо кайсы системаны колдонгонуңуз маанилүү болбойт. Биз гол үчүн мүмкүндүк жаратып аны ишке ашыра алган жокпуз. Мен Крестининге каршы ойногон эмесмин. Бирок ал жакшы иш алып барганын айта алам. Кыргызстан Кытай менен ойногондо ийгилик жылмайган жок, азыр аларга ийгилик жылмайып, плей-оффко өтөт деп үмүттөнөм", - деди ал.

Ал эми Крестинин Кыргызстанды жеңиши менен куттуктап, оюнчулар аягына чейин күрөшүп, сапаттуу оюн көрсөткөнүн белгиледи.

"Мелдеш алдында биз сапарыбыздын башында турабыз дегем. Алгачкы жеңишке жеттик. Бирок топ өткөрүп алдык. Команданын мүнөзү жайында. Эгер ал болбогондо жеңишти кармап, тайпадан чыгуу мүмкүндүгүн сактай албайт болчубуз. Бул үчүнчү оюн экенин билебиз. Анда физикалык, психологиялык-эмоционалдык абал маанилүү. Биз жеңдик, демек команда туура иштеди", - Крестинин.

Белгилей кетсек, кечээ 16-январда Кыргызстандын круамасы филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп алды. Оюндагы үч голду тең Виталий Люкс киргизди.

Бул жеңиш Кыргызстанды көпкө күттүрдү. Кечээ кечинде футбол күйөрмандары жеңишти майрамдап "Кыргызстан" деген ураан менен Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чыгып, жүрүш жасады.

Пикир

Оставить комментарий