• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын футболдук клубдарына кичи автобустар тапшырылды

Спорт 0

Бишкек, 06.11.18. / Кабар/. Кыргызстандын футболдук клубдары кичи автобустарды белекке алышууда. Мындай белектер эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) “FIFA Forward” программасынын алкагында берилүүдө. Бул тууралу КРнын Футбол федерациясынан (КРФФ) билдиришти.

Бул долбоордун максаты футболдун өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө таралышына жана ар бир каалоочу эч кедергисиз футбол ойной алышына жетишүү.

Маселен, программадагы багыттардын бири клубдардын инфраструктурасын жакшыртуу, анын ичинде талапка ылайык (мисалы, 18 орундан кем эмес) унаа менен камсыз кылуу.

КРнын Футбол федерациясы менен Кыргызстандын Футбол лигасы (КФЛ) биргеликте аталган долбоорго катышууга арыз тапшырышып, жооп алышкан. Эми долбоордон келген 120 миң долларга 8 кичи автобус алынмакчы.

Кечээ КРнын Футбол федерацисынын президенти Семетей Султанов, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана Кыргызстан Футбол лигасынын президенти Нурбек Атаканов “Кара-Балта” футболдук клубуна унаа тапшырышты.

Белгилей кетсек, буга чейин мындай унааны “Алга”, “Алай”, “Нефтчи” жана “Дордой” клубдары алышкан.

Пикир

Оставить комментарий