• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КРнын Япониядагы элчилигинде кыргыз тарыхынын жана маданиятынын кечеси өттү

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинде кыргыз тарыхынын жана маданиятынын кечеси өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Япониянын маданият, адамдык өнүгүү жаатындагы жана бизнес чөйрөсүндө иштеген ар кандай ассоциацияларынын жана компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Кеченин конокторуна Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев кайрылуу сөз сүйлөдү.

Элчи кыргыз элинин байыркы жана бай маданиятын, каада-салтын жана үрп-адатын белгилеп, иш-чаранын катышуучуларына кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына кызыгып, эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын конокторуна кыргыз элинин тарыхы жана маданияты боюнча презентациялар, ошондой эле үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Япон делегациясынын катышуусу жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлдү.

Маданий кеченин экинчи бөлүгүндө конокторго кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле комуз жана ооз комуздагы элдик чыгармалар тартууланды.

Кече кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү жана балынын көргөзмөсү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий