• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРнын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги «KADI» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. КРнын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (мындан ары – Агенттик) «KADI» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Агенттик инвестицияларды тартуу, коргоо жана коштоо, экспортту илгерилетүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көмөк көрсөтүүчү мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Белгилей кетсек, Агенттик Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин инвестицияларды тартуу, коргоо жана коштоо маселелери боюнча укугун улантуучу болуп саналат.

Агенттиктин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

– инвестициялык активдүүлүктү, экспортту өбөлгөлөө боюнча чараларды ишке ашыруу;

– сапаттуу инвестициялык долбоорлорду жана сунуштарды даярдоо максатында ички жана тышкы рынокту талдоо, ошондой эле тийиштүү сунуштары менен потенциалдуу сатуу рынокторун аныктоо;

– инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;

– инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана коштоо, экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү, ошондой эле инвестициялык талаш-тартышты чечүү менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык уюмдарга, бизнес-коомчулукка, коомдук бирикмелерге, илимий жана башка уюмдарга көмөк көрсөтүү;

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (мындан ары – Агенттик) «KADI» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон . Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий