• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын ишканаларындагы эмгек шарттарынын көйгөйлөрү ушул айдын темасы болот – Мамэкотехинспекция

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/ Кыргызстанда 1-апрелден 30-апрелге чейин эмгекти коргоо боюнча бир айлык өтөт, анын жүрүшүндө республиканын ишканаларынын кызматкерлери үчүн шарттардын көйгөйлөрү тууралуу маселе көтөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалымат кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бир айлыктын алкагында аймактык башкармалыктар жана Борбордук аппарат тарабынан конференция, тегерек стол, андан тышкары ачык эшиктер күндөрүн өткөрүү белгиленет. Аталган иш-чараларда ишканалардагы айлык-акыны кечиктирип берүү, мыйзамсыз бошотуу сыяктуу жана башка маселелер айтылат.

“Белгиленген иш-чаралардын максаты өндүрүштүк травматизмди алдын алуу жана КРда эмгекти коргоонун абалын жакшыртуу болуп саналат”,-деп айтылат Мамэкотехинспекциянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий