• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КРнын Казакстандагы элчилиги ЕБ өлкөлөрүнүн Нур-Султанда аккредиттелген дипөкүлчүлүктөрүнүн башчылары үчүн брифинг өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн Нур-Султанда аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары үчүн Борбордук Азия – Европа Биримдиги биринчи экономикалык форумуна карата брифинг өткөрдү.

КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, иш-чараны КРнын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев алып барды. Ага Евробиримдиктин 16 өлкөсүнүн элчиликтеринин жетекчилери жана онлайн түрдө - Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы элчиси Муктар Жумалиев катышты.

Жолугушуунун башында элчи Дюшекеев форум тууралуу кыскача маалымат берип, иш-чарага катышуунун айрым уюштуруучулук жана протоколдук аспектилерин айтып, анын ишине активдүү катышууга чакырды.

Элчи Жумалиев өз сөзүндө БА-ЕБ экономикалык форумунун концепциясы, максаттары жана милдеттери тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн элчилери пландаштырылган кошумча иш-чаралар тууралуу маалымат алышты жана Казакстанда иш алып барган ЕБ бизнес өкүлдөрүнүн алдыдагы Форумуна катышууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды.

Жыйындын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Кыргызстандын элчилери Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинен кошумчалашкандай, аталган форум ушул жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий