• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Казакстандагы элчилигине Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.20.18. /Кабар/. Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындоо үчүн каралууда. Анын талапкерлигине Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети макулдугун берди. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине ЖК депутаты, профилдик комитеттин мүчөсү Анвар Артыков тастыктады.

Белгилей кетсек, Жээнбек Кулубаев 1963-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Адегенде Москва аскер институтун, андан кийин Кытай Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун бүтүргөн. 1992-жылдан бери дипломатиялык кызматтарды аркалап келет. Кыргыз, орус, англис, кытай тилдеринде эркин сүйлөйт.

Пикир

Оставить комментарий