• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Казакстандагы элчиси Нур-Султан шаарынын акими менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев күн мурун Нур-Султан шаарынын акими А.Кульгинов менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек жана Нур-Султан шаарларынын жана эки борбордун мэриялары ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери, анын ичинде 2011-жылдагы Бишкек жана Астана (Нур-Султан шаары) шаарлары ортосундагы боордош байланыштарды уюштуруу тууралуу Макулдашуунун алкагында жолугушуунун жүрүшүндө талкууланды.

"Жолугушууда тараптар Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин орнотуу үчүн жерди бөлүп берүү жана аныктоо маселелерди, Ч.Айтматовдун эстелигин орнотуу үчүн аймакты жасалгалоонун иштерин бүтүрүүнү талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий