• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«КРнын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 7декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты - мыйзамдын артыкчылыгын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши чечим кабыл алууда уюштуруу маселелерин ыкчам чечүү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартибин өркүндөтүү.

Мыйзамда Коопсуздук кеңешинин тар курамына Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисин киргизүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий