• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРнын Кореядагы элчилиги эл аралык "Азия маданий плаза" фестивалына катышты

Коом 0

Бишкек, 12.10.21./Кабар/. 2021-жылдын 8-9-октябрында Кореянын Кванджу шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчилиги эл аралык "Азия маданий плаза" фестивалына катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин билдирүүсүңө караганда, фестивалды Кванджу шаарынын Эл аралык борбору жана Азиянын маданият борбору менен Азиянын маданият институту биргеликте уюштурду.

Бул онлайн иш-чаранын алкагында КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөзүн сүйлөп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи жана быйыл Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө тууралуу маалымат берди.

Элчилик ошондой эле Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу видеороликтерди көрсөтүүнү уюштуруп, Кыргызстан жөнүндө китепчелерди таркатып, өлкөнүн экспорттук потенциалы менен тааныштырды, атап айтканда, кыргыздын бал, нуга, шоколад жана кийизден жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду.

Пикир

Оставить комментарий